Өзбекстандын түндүгүндөгү Үргөнчө шаарында көпүрөнүн тирөөчү кулап, бери дегенде 15 адам набыт болуп, 17 адам ооруканага жаткырылыды. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, кырсык белгилүү ырчы Навруз Собировдун концерти учурунда орун алган. Маалым болгондой, ырчы өз ырын көлдөгү жасалма аралчада аткарып жаткан учурда көпүрөдө эл толуп калган. Натыйжада калың элди көпүрөнүн тирөөчү көтөрө алган эмес.
Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, жекшемби күнү таң атканча куткаруучулар издөө иштерин улантышты. Расмий бийлик азыркыга чейин кырсыктын келип чыккан себебен айта элек. (SDz)