“Демократиялуу Петербург” коалициясынын өкүлдөрү Ленинград блокадачыларына арналган эстеликтин жанында санкцияга кирген азык-түлүктү жок кылууга каршы акцияга чыгышты. Алар колдорунда “Тамак-ашты жок кылуу маскаралык, блокаданы көргөнбүз” деген жазууларды кармап турушту. Ошондой эле социалдык-экономикалык абал кыйындап баратканда бийликтердин азык-түлүктү жок кылуу кадамын Орусияга каршы кылмыш деп баалашты.