Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн шарттаган келишимдерди Казакстандын президенти ратификациялаганы тууралуу электрондук нотаны каттап, жарыялоого тийиш. Ал эми нотанын түп нускасы ЕАЭБ комиссиясынын колуна ушул жумада тиет деп күтүлүүдө.
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланышкан келишимдерди жактырган мыйзамга Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 4-августта кол койгон. (ZKo)