Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Йеменде дагы бир шаар согушкерлерден бошотулду


Йемен өкмөтүнүн аскерлери жекшемби күнү Абьян провинциясынын борбору Зинжибар шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлеринен тазалап, кайтарып алышты. Маалыматтарга караганда шаарды ээлеп турган согушкерлер чегинип кетишкен. Жергиликтүү бийликтердин "Ассошейтед пресс" маалымат агенттигине билдиргенине караганда, шаарды бошотуу үчүн өткөн операция учурунда 19 киши өлүп, 160тан ашуун адам жаракат алган.

Зинжибар шаары - Йемендин түштүк-батышындагы шаар. Июль айынын башында Йемендин өкмөттүк аскерлери мурдагы борбор калаа Аденди “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуп алышкан болчу. Ал эми 4-августта Лахж провинциясынын борбору Ал-Хута шаары өкмөттүк аскерлердин колуна өткөн.

Йемендин өкмөттүк аскерлери Сауд Арабиянын жардамы менен 2015-жылдын башынан бери ИМ тобуна каршы күрөшүп келүүдө.

XS
SM
MD
LG