Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жалал-Абаддагы Арым II мармар кенинин баштапкы наркын 3 млн 200 миң долларга баалап, аукционго койду. Кенди иштетүүнү каалагандар документтерин 28-августка чейин тапшыруусу керек.
Арым II кени Арым I кенинен 1 чакырым алыс жайгашкан. Анда, геологдордун айтымында, ак жана ачык боз түстөгү 888 миң куб метр мармар жатат. (RK)