Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Ирак премьер-министри масштабдуу реформага чакырды


Хайдер ал-Абадинин сунушу бекитилсе, вице-президент менен вице-премьерлик орундар кыскартылат, өкмөт мүчөлүгүнө партиялык же жамааттык квота боюнча дайындоо токтотулат. Өкмөттүк чыгымдарды кыскартуу, коррупцияга каршы күрөшүү максатын көздөгөн бул чарларды министрлер кабинети колдогонун ал-Абадинин өкүлү маалымдады. Долбоорду эми өкмөт жана парламент бекитиш керек.

Реформа акыркы апталарда болгон антиөкмөттүк нараазылыктардан кийин сунуш кылынды.

Иракта үч вице-президент жана премьер-министрдин үч орун басары бар. Ай башында мурдагы премьер-министр Нури ал-Маликинин өкмөтү 2004-2014-жылдары мунайдан жана тышкы донорлордон түшкөн 1 триллион долларды коромжу кылган деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG