Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Ошто Мырзакматовдун тарапкерлеринин митинги өтүүдө


Ошто облустук соттун имаратынын алдында экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин митинги өтүүдө. Уюштуруучулар 2000 киши келгенин айтууда. Ал эми "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, чогулгандардын саны 1000 кишинин тегерегинде, милиция болсо 200дөй киши турганын билдирди.

Акциянын катышуучулары соттун адилет өтүшүн талап кылып жатат.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөсүн курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Бүгүн облустук сотто бул өкүмгө карата апелляциялык арыз ачык каралып жатат.

Мырзакматов өзүнө карата айыпты “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр ал издөөдө. (YI)

XS
SM
MD
LG