Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Британия рак илдетин жыттап аныктай алчу иттерди каттоого алды


Британияда саламаттык кызматы эркектердеги простата рагын жыттап аныктай турган иттерди расмий каттоого алып иштей баштады. Мындан ары ракты мурду менен аныктай турган лабрадорлор англис бейтапканаларында иштей башташат. Бул тукумдагы иттердин мурдунда 300 миллион жыт аныктай турган сезим бар. Аларды атайын даярдоочу адистердин айтымында, простата рагына учураган адамдын денесиндеги химиялык өзгөрүүлөр анын жытына да таасир бергендиктен, иттер заараны жыттап көрүп, ооруну аныктай алышат.

Мындай иттерге кадимкидей эле жумуш орду ачылып, күндүз ооруканада иштеп, кечкисин ээси үйүнө алып кетет. (BCh)

XS
SM
MD
LG