Ирандын мурдакы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанинин уулу Мехди Хашеми 10 жылдык абак мөөнөтүн өтөй баштады.
Жабык өткөн сот жараянында Мехди Хашеми улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген, мамлекет казынасына кол салган деп айыпталган.
Саясый жүйөөдөн улам айыпталып, соттун калыс өтпөгөнүн нааразы болгон Мехди Хашеми 9-августта Тегерандын атактуу Эвин түрмөсүнө өзү келип берди.
Ал 2012-жылы Британиядан келгенден кийин камакка алынган. Биринчи сот аны 2009-жылкы президент шайлоодо тополоң уюштурган деп күнөөлөгөн.
1989 - 1997-жылкы Ирандын президенти Акбар Хашеми Рафсанжанинин айтуусунда, уулу атасына кысым көрсөткөнү үчүн соттолду.