Түркиянын түштүгүндөгү Силопи шаарында жолго коюлган минадан төрт полициячы мүрт кетип, бирөө оор жарадар болду. Жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, Силопиде акыркы күндөрү полиция менен күрт согушчандары ортосунда аткылашуулар болууда.
10-августта Силопи районунда күрт согушчандары аскердик тикучарды аткылап, бир жоокер набыт кетип, жети аскер жарадар болушту.
Стамбулда полицияканага жасалган соңку чабуулда 1 полиция жана эки куралчан адам набыт болушту. Бүгүн таң эртең полициякананын жанында автоунаага коюлган бомба жарылып андан 10 адам, анын ичинде 7 полициячы мерт кетишти.
Ушул эле күнү Стамбулдагы АКШ консулдугун эки куралчан аткылап, полиция кол салгандардын бирин жарадар кылып, колго түшүрдү. Колго түшкөн куралчан аял экендиги маалымдалууда.