Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Түркияда кыргыз жаран жол кырсыгында набыт болду


Бишкек-Нарын жолундагы автокырсык. 31-май 2014
Бишкек-Нарын жолундагы автокырсык. 31-май 2014

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, 7-августта түркиялык Эрсин Карта атуу жаран Алания районунда жеңил машинени башкара албай калып, автоунаа аңтарылып кеткен. 30 жаштагы Б.А. аттуу кыргызстандык аял алган жараатынан ошо жерде көз жумган. Ш.Б. аттуу машинедеги экинчи кыргызстандык аял менен айдоочу ооруканага жеткирилген. Полициянын маалымдашынча, айдоочу мас абалында машинени уруксатсыз айдап жүргөн. Кыргызстандын башкы консулдугу маркумду Ата Журтуна жеткирүүнүн камын көрүүдө.

XS
SM
MD
LG