Бул каражат миграция маселесин чечүүгө аргасыз болгон мамлекеттерге алты жылдык мөөнөт менен берилет. Каражаттын ири бөлүгүн, 560 млн. еврону Италия алат, андан кийин Греция - 470 млн. евро алат.
Иммигранттардын көбөйүп жатышы Евробиримдик өлкөлөрүнүн ичинде пикир келишпестикке алып келген. Ар бир өлкөнүн өкмөттөрү Африка жана Жакынкы Чыгыштан келип жаткан мигранттарды кабыл алуу даярдыгын ар түрдүү баалашат.
Брюсселдин каражат бөлүнгөнү тууралуу билдирүүсү Британиянын тышкы саясат министрлиги Евробиримдиктин иммиграциялык мыйзамдарын карап чыгууну сунуштагандан кийин ишке ашты. Лондон мыйзамдарга Европага Азиядан же Африкадан келген адамдардын кайра мекенине кайтуусун кепилдеген мыйзамдарды киргизүүнү сунуштоодо.
Акыркы жумаларда Британия Кале шаарындагы коопсуздукту күчөттү. Анда жүздөгөн мигранттар евро туннел аркылуу британ жээктерине жетүүгө аракет кылышууда.