Бул тууралуу 10-августта Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясына арналган жыйында билдирди. Министрдин айтуусунда, аталган линиядагы иштер толугу менен 20-августка чейин бүткөрүлүп, атайын комиссия өткөрүп алат. Кубанычбек Турдубаевдин белгилөөсү боюнча линияны өткөрүп алууда бардык талаптардын сакталышына жана сапатына өзгөчө көңүл бурулат.
Премьер-министр Темир Сариев Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү зарылдыгын айтты:
"Бул долбоордун Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Себеби, Датка-Кеминдин бүтүшү менен өлкө энергетикалык эгемендикке ээ болот. Ошондуктан, Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнүн алдында толук кандуу ишке берүү абдан маанилүү" деди Темир Сариев.
"Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымдарын тартуу боюнча долбоор 2012-жылы башталган. Анын узундугу 405 чакырым, кубаттуулугу 500 кВт. саат. "Датка-Кемин" линиясы Кыргызстандын Борбор Азиядагы энергетикалык айлампага көз карандысыздыгын камсыздамакчы.(ZKo)