Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Башкы прокуратура шайлоого карата штаб түздү


Башкы прокуратура парламенттик шайлоого көзөмөл жүргүзөт. Өнөктүктү өткөрүүдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында атайын штаб түзүлгөнү бүгүн кабарланды. Штабды Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов жетектейт.

Максат - мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынын өз бийлигин тигил же бул саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн пайдалануусуна жол бербөө. Эгер ошондой учурлар каттала турган болсо, ал аткаминерлерге карата чара колдонулат.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG