Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Абакта өндүрүлгөн азык көргөзмөгө коюлат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын абактарында өндүрүлгөн продукциянын көргөзмөсү өтөт. Иш-чара 12-август - жаза аткаруу кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулуп жатканын "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, бүгүн Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында бул системада иштегендердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын өтөт.

Театрдын фойесине мекеменин тарыхын баяндаган музейдин экспонаттары коюлуп, ошол эле жерде көргөзмө уюштурулат. Ага жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар өндүргөн нан, сүт, эт, жашылча, тигилген продукция коюлат.

Сабатарованын айтымында, айыл чарба продукциясы абактарды камсыз кылууга жумшалат, ал эми тигүү буюртма боюнча жүргүзүлөт:

- Эгер шарты туура келсе, жеке ишкерлердин заказы боюнча тигүүгө укугубуз бар. Азырынча буюртма ошолордон гана түшүүдө. Кийим-кече, шейшеп жана башкасын тигебиз. Бирок мурдагыдай мамлекеттик заказ болсо жакшы болот эле.

Жаза аткаруу системасында учурда 4 миңдей киши иштейт, алардын 1,5 миңи аскерге чакырылган солдаттар. 1 түрмө, 11 жабык, 14 жатак, 4 тергөө абагында жазасын өтөп жаткандардын жалпы саны 15 миң адам. (RK)

XS
SM
MD
LG