Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Футбол: Бишкекте АФК кубогуна тандоо өтөт


Бүгүн, 11-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна “В” тайпасында тандоо оюндары башталат. Кыргызстандын футбол федерациясынын маалыматына караганда, мелдешке Бишкектин "Алга" футболдук клубу катышат.

“Алганын” оюнчулары менен бирге квалификациялык мелдеште Макаонун “Каса Бенфика” жана Бангладештин «Шейх Жамал» клубдары ат салышат.

"Алга" бүгүн макаолуктар менен чеберчилик сынашат.

Азиянын футбол конфедерациясынын кубогуна “В” тайпасында тандоо мелдештери 15-августка чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG