Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Тамчыдагы аэропорт аркылуу Ысык-Көлгө келди. Белгилүү болгондой, көл жээгинде казак президентинин резиденциясы бар. Аэропорттон аны мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тосуп алды.
Кыргыз президентинин маалымат катчысы Жанар Акаевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, эртең эки лидер Чолпон-Атада жолугушуу өткөрөт. Күн тартибинде өнөр жай, жол куруу, туризм жана эки өлкөнү аралап өткөн дарыяларды пайдалануу жаатындагы кызматташтык маселелери бар экенин казак президентинин маалымат кызматы кабарлоодо. Ошондой эле 12-августта алар "Ак-Жол" чек ара бекетинде бажы көзөмөлүнүн жоюлушуна арналган иш-чарага телеконференция аркылуу катышат.
Кыргызстан өткөн аптадан тарта Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү болуп калды.
Назарбаев көлдө 14-августка чейин болот. (RK)