Алматы шаардык сотунда жынысын алмаштыргандан кийин жумуштан кетүүгө мажбурлашканын айткан Жол коопсуздугу кызматынын мурдагы кызматкеринин арызы каралууда. Ал кайра жумушка алууну, иштебеген күндөрү үчүн компенсация төлөөнү, адвокатына кеткен чыгымдарын жана моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүнү талап кылууда. Мурдагы полициячы биринчи баскычтагы сот анын талаптарын канааттандырбагандан кийин Алматы шаардык сотуна аппелляциялык арыз жазган.
Тараптар, атап айтканда, доогер жана Алматы жол коопсуздук кызматы сотту жабык өткөрүүнү судьядан өтүнүшпөгөнүнө карабастан, бул иш боюнча соттук териштирүү журналисттерди катыштырбастан, жабык жүрүүдө.