Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Коомдук комиссия: Барскоондогу курултай 1916-жылкы окуяны геноцид деп атады


1916-жылы орус падышачылыгы кыргыздарга карата жасаганы геноцид болгон. Бүгүн Жети-Өгүздүн Барскоон айылында өткөн курултайдын катышуучулары ушундай бүтүмгө келгенин "Азаттыкка" иш-чараны уюштурган коомдук комиссиянын жетекчиси Азимбек Бекназаров билдирди.

Бекназаровдун айтымында, курултайга 1,5 миңге жакын киши катышты. Анда 1916-жылдагы апааттын эч нерсеси жашырылбай, архивдик документтердин негизинде маалымат ачык айтылды.

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында май айында президенттин жарлыгы чыккан. Анда кыргыз калкынын тарыхындагы эң трагедиялуу окуяга тарыхый баа берүү сунушталган. Жарлыкка удаалаш айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер Үркүн окуясын иликтөө жана ага тарыхый-саясий баа берүү үчүн коомдук комиссия түзүшкөн. Аны белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров жетектейт.

1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40% азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага объективдүү баа берилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG