Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Сауд Арабия ИМге каршы Асад менен коалиция түзүүгө барбайт


Адил аль-Жубейр менен Сергей Лавров. 11-август, 2015-жыл
Адил аль-Жубейр менен Сергей Лавров. 11-август, 2015-жыл

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубейр “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы Сирия президенти кошула турган бир да коалицияга Эр-Рияд кирбей турганын айтты. Бул тууралуу Ал-Жубейр 11-августта Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан кезде билдирди. Анын айтымында, Эр-Рияддын позициясы өзгөрбөйт жана болочокто Асадда Сирияда орун жок. Ал эми Лавровдун айтканына караганда, ал Сауд Арабиянын башкы дипломаты менен БУУнун арачылыгында Сирия өкмөтү менен “бардык Сирия оппозициясынын” ортосунда сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн “практикалык кадамдарды” талкуулаган.

Орусия Асаддын жакын союздашы жана Сирия президентин кызматтан кетүүгө чакыруу сунушун четке кагып келет.

Жакынкы Чыгыштагы Сауд Арабиянын атаандаштары болгон Орусия менен Иран БУУнун алкагында “Ислам мамлекетине” каршы Башар Асад да кошулган коалиция түзүүнү сунуштап келүүдө.

XS
SM
MD
LG