Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:26

Греция менен кредиторлор “техникалык макулдашууга” жетишти


Грециянын каржы министри Ефклидис Цакалотос билдиргендей, грек өкмөтү жана эл аралык кредиторлор айрым жерлерин эске албаганда негизинен макулдашууга жетише алды. Цикалос бул макулдашуу үч жыл аралыгында берилчү 85 миллиард евро насыяны алууну жеңилдетерин айтты. 11-августта Евробиримдик бул “саясий эмес, техникалык” гана макулдашуу экендигин билдирди.

Грек өкмөтү бул макулдашуунун негизинде жакында келишим түзүлөт деп үмүт кылууда. Аны парламент ушул жумада, евромейкиндиктин каржы министрлеринин 14-августтагы жолугушуусуна чейин кабыл алышы керек.

Греция келишим 20-августтан кечиктирилбестен кабыл алынышын талап кылууда. Анткени Афина ушул мөөнөткө карата Европа борбордук банкына 3,2 миллиард доллар карызын төлөп бериши керек.

XS
SM
MD
LG