Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Керри: Иран менен келишимди бузуу долларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Иран менен өзөктүк курал тууралуу келишимди бузса, доллар дүйнөлүк резервдик валюта болбой калуусу ыктымалдыгын билдирди. Анын 11-августта Нью-Йоркто журналисттер менен жолугушуусу учурунда айтканына караганда, АКШ Иран менен жетишилген келишимди бузуп, анан пикирлеш мамлекеттерге “силер да биздин эрежелерге баш ийесинер” деп айтышы америкалык доллардын куну кетүүсүнө өбөлгө түзүп берет.

Керринин эскертүүсү өткөн айда жетишилген Тегеран жана чоң алтылык өлкөлөрдүн Ирандын өзөктүк программасы тууралуу келишимин коргоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү болду.

Келишимге ылайык, Ирандан бир катар экономикалык санкциялар алынат. Тегеран болсо өзөктүк программасын чектейт. Келишимге кол коюлары менен Израил, АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү аны сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG