Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, өкмөттүн “Бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө” токтому жарыяланары менен мектеп жетекчилиги ата-энелер менен бирге өздөрүнүн мектеби үчүн ылайыктуу форманы тандап алуулары керек. Алар тандап алган форма министрлик тарабынан көрсөтүлгөн талаптарга жооп берүүсү керек жана мурда кабыл алынгандай эле кара шым же юбка, ак көйнөк болсо да болот.
Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2026 окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө киерин маалымдаган. Айрым ата-энелер тандалып алынган мектеп формаларынын сапаты начардыгына жана баасынын кымбаттыгына нааразылыгын билдирип чыгышкан.(ZKo)