Шейшембиде Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында күрттөр митингге чыгып, ИМ тобу менен күрөшүп жаткан Күрт жумушчу партиясынын аскер базаларын бомбалоону токтотууну талап кылышты.
Диярбакырдагы митингде полиция күрт демонстранттарына каршы союл жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгону маалымдалды. Жыйырмадан ашуун киши кармалды. Расмий маалыматтар боюнча, күрт сепаратисттерине каршы операциялар уланууда, бийлик Күрт жумушчу партиясы өлкөнүн улукттук коопсуздугуна коркунуч келтирет жана аскерий-жарандык объекттерге кол салат деп эсептейт.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 11-августта Түркия Күрт жумушчу партиясына каршы өнөктүктү куралдуу террорчу түгөнмөйүнчө уланта берерин айтты.
Бул аралыкта Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагынан эки миңден ашуун сириялык качкын өткөнү кабарланды. Алардын көпчүлүгү аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Качкындар ИМ тобунун согушкерлеринин зомбулугунан качкандар.