Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Таласта улуттук каада-салттар даңазаланат


Таластагы Өмүралиев айылдык аймагында улуттук каада-салттарды даңазалаган бир катар иш-чаралар өтөт. 13-августта “Мен сыймыктанам”, 18-августта “Атанын сөзү”, 20-августта “Аталардын жана бабалардын мурасы” сынагы өтөт. Бул иш-чараларды “Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору” коомдук уюму “Атадан калган мурас” долбоорунун алкагында уюштурууда.

Сынакта манасчылар өнөрлөрүн көрсөтүп, иш-чара ырлар, комуз жана улуттук бийлер менен коштолот. Ага Өмүралиев айылдык аймагынын тургундары, окуучулар, жаштар жана аялдар комитеттеринин өкүлдөрү, аксакалдар кеңеши, көчө жамааттары, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары катышат.

Иш-чара салттуу таалим-тарбияны жана баалуулуктарды улуулардан жаш муунга өткөрүү жөрөлгөсүн калыбына келтирүү, ошондой эле балдарга зарыл социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу максатында пландалган.

"Мындай иш-чаралар жергиликтүү калктын жашоо сапатын жана деңгээлин жогорулатууга көмөктөшкөн фактор катары маданияттын ролун күчтөндүрүп, инсанды тарбиялоо жана өнуктүрүү үчүн жагымдуу маданий чөйрөнү түзүп, адамдарда позитивдүү баалуулуктарды калыптандырып, эң негизгиси маданий-агартуучулук, маалыматтык-билим берүү ишмердигин өнүктүрүүгө жол ачат" деп белгилешет уюштуруучулар.

XS
SM
MD
LG