Түрк элдеринин арасындагы эң жакын кыргыз менен казактын ортосунда мындан ары эч кандай тосмо болбосун деген каалоосун айтты бүгүн президент Алмазбек Атамбаев чек арада бажы көзөмөлүнүн жоюлушуна байланыштуу "Ак-Жол" бекетинде уюштурулган салтанатка телекөпүрө аркылуу катышып жатып.
Кыргыз мамлекетинин башчысы казак президенти Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазылык билдирди.
Бүгүнтөн тарта Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген ЕАЭБ уюмуна Кыргызстан да иш жүзүндө толук укуктуу мүчө болуп калды. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынды. (RK)