Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Сариев: Өлкө тарыхында жаңы барак ачылды


Бүгүн Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылды, Евразия экономикалык биримдигине кирүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзүлүүдө деп билдирди премьер-министр Темир Сариев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. "Ак-Жол" бекетинде бажы көзөмөлүнүн жоюлушуна байланыштуу салтанатка катышкандан кийин өкмөт башчы чек арадан символикалуу түрдө эркин басып өтүп, ЕАЭБге мүчөлүк төрт эркиндик берип жатканын билдирди. Алар - жарандардын, товар, кызмат көрсөтүү жана капиталдын тоскоолдуксуз жүгүртүлүшү. (RK)

XS
SM
MD
LG