Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Кытай юанды экинчи жолу девальвациялады


Кытай эки күн ичинде юанды экинчи жолу девальвациялап, дүйнөлүк финансы рыногунда кооптонуу жаратты. Кечээ күнү эле Кытайдын борбордук банкы улуттук валютанын долларга карата курсун 1,9% төмөндөткөн. Эки жолку девальвациядан улам кытай рыногунда юандын курсу 3,5%, дүйнөлүк рынокто 4,8% арзандады.

Юанды төмөндөтүү экпорттук потенциалды көтөрүү аракети катары кабылданууда.

Ошентсе да бул жараян эл аралык рынокто чочулоо жаратты. Америкалык сенаторлор Бээжинди девальвация менен соодада артыкчылыкка ээ болуу аракетин көздөп жатат деп сындашты.

Төмөнкү курс экпсорттун баасын эле арзандатпай, Кытайда сатылып жаткан чет элдик товарлардын да наркын жогорулатмакчы. (ErN)

XS
SM
MD
LG