Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Кыргыз жарандыгы бар тажик оппозиционери кармалды


Молдовада тажик оппозиционери Собир Валиев кармалды. Ал Кишиневдун аэропорту аркылуу Стамбулга учканы жаткан. Валиев тажик бийлигинин расмий билдирүүсүнө байланыштуу кармалганы кабарланды. Бирок, "Группа 24" уюмунун маалыматына караганда, Валиев тажик жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын паспорту менен жүргөнүнө бир нече жыл болду.

27 жаштагы Собир Валиев "Группа 24" тобунун жетекчиси Умарали Куватовдун өлүмүнөн кийин жаңы дайындалган лидер Шарофиддин Гадоевдин орун басары.

47 жаштагы Умарали Куватовду быйыл жазында Стамбулда белгисиз адам атып кеткен. Бул иш боюнча тажик улутундагы үч адам кармалган.

Куватов бир кезде тажик президенти Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү менен жакшы ымалада болчу. Кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Мындан соң “Группа 24” аттуу оппозициялык уюм түзгөн. Тажик бийлиги аталган топту экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган. (RK)

XS
SM
MD
LG