Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Гүмриде дезертирликке шектелген орус аскеринин соту башталды


Бүгүн Гүмри шаарындагы аскер базасынын аймагында 19 жаштагы орусиялык жоокер Валерий Пермяковдун иши карала баштады. Ага Орусия тарап аскерден качкан, курал уурдаган жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айыптарды коюуда.

Ушул жылдын январь айындагы армян үй-бүлөсүнөн жети адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан Пермяковдун иши орусиялык аскер гарнизондук сотунда каралууда. Адам өлтүрүү боюнча ишти армян соту карамакчы.

Пермяков боюнча сотту Арменияда өткөрүү талабы менен Гүмри жана Ереван шаарларында миңдеген адамдар митингге чыгышкан.

Мурдараак сот Пермяковду камакка алуу мөөнөтүн келерки жылдын 30-январына чейин узарткан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG