Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Ишенбай Абдуразаковго эстелик тургузулду


Ишенбай Абдуразаков тирүү болгондо бүгүн 78ге чыкмак
Ишенбай Абдуразаков тирүү болгондо бүгүн 78ге чыкмак

12-августта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун элесине арналып эстелик тургузулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” дипломат Мелис Байсымаков билдирди.

Эскерүү "Ала-Арча" көрүстөнүндө өтүп, анын мүрзөсүнө кара мармардан жасалган, Жапония ыйгарган “Күн чыгыш” орденинин сүрөтү чегерилген такта орнотулду. Айланасы Абдуразаков туулуп өскөн Чолпон-Атанын таштары менен кооздолду.

Эскерүүгө ишмердин уулу, Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Авазбек Абдуразаков, үй бүлөсү, достору, замандаштары жана шакирттери катышты. Ошондой эле Кыргызстандагы жапон элчиси Такаюки Коикэ да катышып сөз сүйлөдү.

2008-жылы Жапониянын императору Ишенбай Абдуразаковду "Күн чыгыш" ордени менен сыйлаган. Бул орден чет элдик жарандарга берилчү эң жогорку мамлекеттик сыйлык болуп эсептелет.

Абдуразаков 1937-жылдын 12-августунда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган. Ал тирүү болгондо бүгүн 78ке чыкмак. (SA)

XS
SM
MD
LG