Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Кыргыз милициясы тажик оппозиционери боюнча маалыматты тактоодо


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Молдовада кармалган тажик оппозиционери Собир Валиев боюнча маалыматты тактап жатат. Министрликтин пресс-кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин "Азаттыкка" айтымында, маалымат базасы азыр Мамлекеттик каттоо кызматында болгондуктан тактоо иштери убакытты талап кылат.

Валиев Кишинев аркылуу Стамбулга учканы жаткан жеринен 11-августта кармалган. Ал тажик бийлигинин расмий билдирүүсүнө байланыштуу кармалганы кабарланды. Бирок, "Группа 24" уюмунун маалыматына караганда, Валиев тажик жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын паспорту менен жүргөнүнө бир нече жыл болду.

27 жаштагы Собир Валиев "Группа 24" тобунун жетекчиси Умарали Куватовдун өлүмүнөн кийин жаңы дайындалган лидер Шарофиддин Гадоевдин орун басары.

47 жаштагы Умарали Куватовду быйыл жазында Стамбулда белгисиз адам атып кеткен. Бул иш боюнча тажик улутундагы үч адам кармалган.

Куватов бир кезде тажик президенти Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү менен жакшы ымалада болчу. Кийин бийлик менен мамилеси бузулуп, 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Мындан соң “Группа 24” аттуу оппозициялык уюм түзгөн. Тажик бийлиги аталган топту экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган. (RK)

XS
SM
MD
LG