Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

ӨКМ: Боомдогу тыгындын узундугу 25 чакырымга жетти


Боомдо тоодон кулаган таштын айынан жабылган жолдо пайда болгон тыгындын жалпы узундугу азыркы мүнөттөргө карата 25 чакырымга жетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди. Анын айтымында, Балыкчы тарапта 2,5-2,8 миңдей, ал эми Кемин тарабында 2 миңдей унаа тыгында турат.

Окуя болгон жерде атайын техника иштеп жатат. Буга чейин жол кечки саат сегизде ачылат деп кабарланган, бирок, соңку маалыматка караганда, тазалоо иштери тогузга чейин барышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG