Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Боомдо жолдун бир тарабы ачылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайында тосулуп калган канжолдун бир жагылып ачылып, унаалар өтө баштаганын кабарлады. ӨКМ куткаруучулары жол тыгында калгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, зарыл болгондорго алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, суу таратууда. Жеринде дарыгерлер бригадасы иштөөдө.

Кыргызстандын унаа жана байланыш министрлигине караштуу кызматтар жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча жолго кулаган таш-топурактын көлөмү 10-12 миң куб метр жана тазалоо иштерине 10 атайын техника тартылган.

ӨКМ 12-августтан 13-августка караган түнү жол маал-маалы менен жабык болорун эскертет.

12-августта Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымына тоодон топурак аралаш таш түшүп, канжолду бууп калган. Адам өмүрүнө залака тийген жок. Бир нече сааттын ичинде капчыгайдын эки башында 25 чакырымга жеткен машине тыгыны пайда болду.

XS
SM
MD
LG