Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Орусияда жаңыланган «Бук» ракеталары чыгат


Орусияда «Бук» зениттик ракеталык комплексинин жаңы үлгүлөрү даярдала баштады. Бул тууралуу курал жасоо боюнча Тихомиров атындагы институт курамына кирген «Алмаз-Антей» концернинин генералдык директору Юрий Белый журналисттерге кабарлады.

«Бук» ракетасынын "Бук М3" акыркы үлгүсү ушул жылдын күзүндө ишке кирет.

Өткөн жылы Украинада кыйраган малайзиялык Boeing учагын жикчилдер Орусиядан алып келген БУК зениттик-ракеталык комплекси менен атып түшүрүшү мүмкүн экендигин эл аралык тергөөчүлөр далилдерге таянып айтып чыгышкан. Москва жана орусиячыл жикчилдер 298 адам каза болгон авиалайнерди Украин армиясы атып түшүргөн деп ырасташууда.

Ага карабай АКШ менен Евробиримдик «Алмаз-Антей» концернине карата санкцияларды киргизген. (ErN)

XS
SM
MD
LG