Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Киев: Мариуполдо атышуулар күч алды


Украин бийликтери Азов деңизинин жээгинде орусиячыл сепаратисттер менен атышуу күч алганын белгилешти. Террордук аракеттердин алдын алуу штабынын өкүлү Франс Пресс агенттигине билдиргендей, Мариуполдун түндүгүндө атышуудан бир украин аскери өлүп, үчөө жарадар болгон. Донецк менен Мариуполдун ортосундагы айылдын тургуну да аталган маалымат агенттигине 10-августтан бери артиллериялык атышуулар уланып жатканын айткан. Маалыматтарга караганда азыр күрөш Мариупол менен Донецкти байланыштырып турган шоссе үчүн болууда. Аймактагы жолдор украин бийлигинин көзөмөлүндө.

Мариупол шаары Украинанын чыгышы менен Орусия тарабынан аннексияланган Крымды бириктирүүчү жолдун бир бөлүгү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG