Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Шайлоочулардын толукталган электрондук тизмеси 15-августка даяр болот


Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова шайлоону уюштуруу штабынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, учурда тизме аягына чейин толукталып, иштелип жатат. 15-августка бүткөрүлүп, БШКга өткөрүлүп берилет деди Шаикова. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы айрым учурларда жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, бирок тизмеден өздөрүн таппай калып жатуусунун себептери аныкталып, учурда бул мүчүлүштүк оңдолуп жатканын да айтты.

Ай башында кыргыз өкмөтү жергиликтүү бийлик менен кошо шайлоочулардын тизмесин идентификациялоо боюнча тестирлөө жүргүзгөн. Натыйжада айрым биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулар электрондук тизмеге кирбей калганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG