Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кыргызстандык ишкерлер чек арадан көзөмөл баракчасын толтурушат


Анда ишкер чек арадан алып өтүп бараткан товары мамлекеттик текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымат берет. Баракчага товардын аталышы, көлөмү, жүктү жөнөтүүчү жана алуучу тараптар жана жүк жүктөлгөн унаанын мамлекеттик номуру көрсөтүлүүгө тийиш. Жүк ошого жараша текшерилет. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, көзөмөл баракчада көрсөтүлгөн жүк менен чек арадан өтүп бараткан жүктө айырма болбоого тийиш.

Көзөмөл баракчасынын бир нускасы ишкердин өзүндө калат, экинчи нускасы чек арачыларда болот. Бул баракча аркылуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынан өтүп жаткан жүк тууралуу салык кызматына маалымат берет.

Чек арачылар жүк салынган унаада маңзат бар-жоктугун текшерүүгө да акылуу.

Кыргызстан 12-августтан тарта ЕАЭБ толук кандуу мүчөсү болуп калды. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы бекеттери толугу менен алынды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG