Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Өкмөт Боомдогу окуя үчүн элден кечирим сурады


Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Боом капчыгайында жолго кулап түшкөн шагыл толугу менен тазаланганын билдирди. Ушул тушта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Унаа жана байланыш министрлигинин адистери акыркы тазалоо жумуштарын жүргүзүп жатат.

“Келтирилген ыңгайсыздык үчүн элден кечирим сурайбыз. Жүргүнчүлөр эми эки жакка кооптонуусуз каттаса боло берет”,- деп белгиленет өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

12-августта түштөн кийин Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымына тоодон топурак аралаш таш көчүп түшүп, жолду бууп калган. Адам өмүрүнө залака тийген жок. Бир нече саат ичинде капчыгайдын эки башында 25 чакырымга жеткен машине тыгыны пайда болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG