Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Сапар Исаков “Көчмөндөр оюну” боюнча прокуратурага кайрылды


Президенттик аппарат башчысынын орунбасары Сапар Исаков өткөн жылкы Ысык-Көлдөгү “Көчмөндөр оюнуна” байланыштуу маселелерди териштирүүнү Башкы прокуратурадан суранды. Мындай кабарды президенттик аппараттын маалымат кызматы таратты.

Исаковдун прокуратурага кайрылышына Чолпон-Атадагы ат майданды оңдогон “Темир канат” курулуш компаниясынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев аны айыптоосу негиз болгон.

Э. Мергенбаев курулушка өкмөт 14 миллион сом карыз болуп калганын айтып, бирок Ак үйдүн көрсөтмөсү менен аткарылган жумуштун баасы ашыкча көрсөтүлгөн деген кине менен ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган. Бирок С. Исаков муну куру доомат деп төгүндөөдө.

Былтыр убакыттын чукулдугунан ат майданын оңдоп-түздөө иштери документтери даярдала электе башталган. Курулуш иштеринин ашыкча көрсөтүлгөн чыгымдарына байланыштуу Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы ага каршы кылмыш ишин козгогон. Ошол эле учурда “Темир канат” компаниясы 14 миллион сомду өндүрүп берүүнү сурап, өкмөттү сотко берген. (SE)

XS
SM
MD
LG