Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Үркүндө курман болгондорго мемориалдык комплекс курулат


Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” көрүстөнүндө 1916-жылкы үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплекс курулат. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 13-августта кол койду.

Жарлыкта белгиленгендей, комплекс эгемендиктин 25 жылдыгына карата кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы эң маанилүү тарыхый окуяларды эстен чыгарбай түбөлүккө сактоо максатында курулат.

1993-жылы өкмөт "Ашар" кыймылына "Орто-Сай" бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулган, ал эми тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.

1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтуусунда, бул окуялардан аймактагы калк саны 40% азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага обүективдүү баа берилген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG