Полициянын билдиришинче, бомба салынган жүк тартуучу машине Багдаддын четиндеги шиит калктуу Багдад Садр шаарындагы азык-түлүк базарынын ичинде 13-августта таң эртең жардырылган. Садр шаарынын элинин негизги бөлүгү шииттер. Бомба жарылуусунан 86 киши жарадар болгону маалымдалды.
Жардыруудан жабыркагандар тууралуу кабарды саламаттык сактоо кызматтары да тастыкташты. Кызыл кыргынды ким уюштурганы азырынча бейлгисиз. Бирок, сунни экстремисттеринин “Ислам мамлекети” тобу адам өмүрүн алган кыянаттыктарды Багдаддын четиндеги шиит калктуу райондордо маал-саал жасап турушат.