Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:32

Ысык-Көл: пансионаттагы чырдан бир жаран набыт болду

Чоң-Өрүктү айылындагы минералдык булактар жайгашкан "Керемет Суу" эс алуучу жайында эки жаран мушташып, бирөө каза тапты. Окуя бүгүн түшкө жакын болгонун, жеринде милиция иликтеп жатканын Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев “Азаттыкка” билдирди:

-Экөө чырлаша кетип, бири экинчисин таш менен коюп жибериптир. Жараат алган жигит ооруканада каза тапты. Толук маалымат иликтөө иштери бүткөндө берилет,- деди Салиев.

Мерт кеткен жаран 25 жашта. Күбөлөрдүн айтуусунда, жергиликтүү тургундар жеке пансионаттардын бирине сууга түшүүгө келген. Бирок пансионат кызматкерлери аларга уруксат бербей койгон учурда жаңжал чыккан.

Тактала элек кабарларга караганда, кызматкерлерге жинденген кишилер жээктеги камыштан жасалган кийинүүчү бөлмөнү өрттөп жиберишкен. Ошол учурда пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлү бир жигитти чаап жиберген. (SE)

XS
SM
MD
LG