Түркиянын Диярбакыр чөлкөмүндө 12-августтун кечинде жана түнү болгон кагылыштарда бир жоокер жана Күртстан жумушчу партиясы - ПККнын жети желдети окко учту, кеминде 4 аскер жарадар болду. Түркиянын коопсуздук күчтөрү менен ПКК ортосундагы тирешүү бир нече жумадан бери уланууда.
Өткөн жумада президент Режеп Таип Эрдоган 2012-жылы башталган тынчтык жараянын сактоо мүмкүн болбой калганын айткан. Бирок тараптар сйлөшүүлөр токтогонун жарыялай элек.
Түркия, АКШ жана Евробиримдик ПККны террорчул топтордун тизмесине киргизишкен.
1984-жылы ПКК аскерий канаты Түркияга каршы согуш баштагандан берки коогалаңда 40 миңден ашуун киши курман болушту.