Соңку маалымат боюнча, 13-августта таң эртең менен Багдаддын Садр шаарындагы "Жамила" азык-түлүк базарында автоунаадагы бомба жарылуусунан набыт болгондордун саны 76 адамга жетти.
Полиция бомба жарылышынан бери дегенде 120 адам жарадар болгонун ырастоодо. Бул маалыматтарды жергиликтүү оорукананын жетекчилиги да тастыктады. Радикалчыл “Ислам мамлекети” тобу кандыбулоон үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Сунни экстремисттеринин “Ислам мамлекети” тобу бул сыяктуу жардырууларды Багдаддын четиндеги шиит калктуу райондордо тез-тез уюштуруп турат.
Садр шаарында жашагандардын көбү мусулман шииттер.