Бишкек шаардык прокуратурасы ЭлТР телеканалынын жетекчиси Максуда Айтиевага жана каналдын техникалык директору Бекмамат Көчкөновго козголгон кылмыш иши боюнча 13-августта айыбын угузду.
Көзөмөл органы телерадиокомпаниянын жетекчилиги санарип жабдуу сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берген деп, эки ай мурун кылмыш ишин козгогон. Прокуратура келтирген жүйө боюнча, тендерде "Овен" деген фирма жеңүүчү деп табылып, мамлекетке 2 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бирок Максуда Айтиева каналдын сапатын жакшыртуу максатында сатып алынган техника ордунда экенин, иштеп жатканын жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеп келет.
Айтиеванын адвокаты Эрнис Сааданбеков “Азаттыкка” билдиргендей, кылмыш иши негизсиз фактыларга таянып козголгон:
- Сатып алынган видеокамералардын негизги көрсөткүчтөрү тендердин талаптарына туура келет. Негизги эмес көрсөткүчтөрүндө бир айырмачылык бар. Көз карандысыз эксперттер бул айырмачылык жабдуулардын иштөө сапатына таасир этпестигин айткан. Мурда жетекчилик менен каналдын айрым кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпөөчүлүк чыккан. Аларга Айтиеванын каналды реформалоо аракети жаккан эмес. Ошондуктан кылмыш иши жумуштан бошотулган кишинин ызасынын негизинде козголгон деп ойлойбуз.
Прокуратура бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. (SA)