“Ал-Каида” террорчул уюмунун лидери Айман Завахири Ооган талиптеринин жаңы лидери деп тааныды. Интернетке жарыяланган аудио билдирүүсүндө: "Биз өзүбүздүн ишенимдүү лидерибиз Мохамад Ахтар Мансурга оң мамиледебиз деп ант беребиз,” дейт Захавири. Буга караганда “ал-Каиданын” ана башы Ооган-Пакистан чек арасындагы талиптер контролдогон аймктан баш паанек табууну мерчемдеп жүрөт сыңары, дешет серепчилер.
Ушул тапта талиптердин Мансурга баш ийген тобу менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун арап жетекчилигин тааныган канаты тирешүүдө. Мансур 2013-жылы өлгөнү быйыл июлда тастыкталган Молдо Омордун ордуна талиптердин жаңы лидери болуп аталган.