Күзүндө болуучу шайлоону утурлай, ага талапкер болуп катышуучу мүчөлөрдүн тизмесин түзүп, бекитүү максатында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 18-августта республикалык курултайына чогулат. Иш-чара Бишкек шаарында болот. Бул тууралуу партиянын коомдук-саясий кеңешинен билдиришти.
Ошондой эле 18-августта борбор калаада эки ири партиялардын тандеми “Бүтүн Кыргызстан – Эмгек” партиясы жалпы республикалык курултайын өткөрмөкчү. Партиядан “Азаттыкка” кабарлашкандай, курултайда Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттануучу талапкерлердин тизмеси аныкталып, бекитилет.
“Республика – Ата Журт” партиясы 15-августта Бишкекте 2-курултайын өткөрөт. Бул тууралуу партиядан “Азаттыкка” кабарлашты. Бул күнү парламентке депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилип, партиянын шайлоого баруучу платформа-программасы жарыяланат.
БШКнын эрежелери боюнча парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин тапшырышы керек. Боршайком 25-августтан 4-сентябрга чейин тизмедегилерди каттайт.(ZKo)