Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

ИМ хорватиялык жаран өлтүрүлгөнүн тастыктады


Хорват жараны Томислав Салопек "Ислам мамлекети" радикалчыл тобунун желегинин жанында тизелеп турат. 22-июль, 2015
Хорват жараны Томислав Салопек "Ислам мамлекети" радикалчыл тобунун желегинин жанында тизелеп турат. 22-июль, 2015

13-августта “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму анын Египеттеги тобу хорватиялык Томислав Салопекти өлтүргөнүн ырастады. Бир күн мурда Салопектики деген башы жок дененин сүрөттү интернетте жарыяланган эле. Хорватиянын тышкы иштер министри Весна Пусич бейшембде Риека шаарында туруп, Салопекти уурдоого катышкан эки башка топ ал иштеген франциялык геологиялык фирмадан акча талап кылганын айтты. Бирок алар кайра байланышка чыкпай, 5-августта Салопек “Ислам мамлекети” тобунун Египеттеги бучкагында туткунда жүргөнүн көрсөткөн видео жарыяланган. Премьер-министр Зоран Миланович 12-августта Салопек өлгөнүн ишенимдүү тастыктай албасын айтып, бирок “жагдай жакшы эмес” деген болчу.

XS
SM
MD
LG