Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Эки жыл казак бажысында кармалган күйүүчү май Кыргызстанга өтө баштады


Кыргызстандын “Нефтетрейдерлер” биримдиги 2014-жылдан бери Казакстандын бажысында турган 352 вагон күйүүчү майдын 48 вагону чек арадан өткөнүн кабарлады. Калгандары жакынкы күндөрү кирери күтүлүүдө. Ассоциациядан маалымдашкандай, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаза айыптын өлчөмү бир кыйла азайтылды.

Орусиядан келе жаткан күйүүчү май куюлган цистерналар “бажы кагаздары туура эмес толтурулган” деген себеп менен 2014-жылы апрель айында кармалган. Кийинчерээк казак тарап бажы жаза айыптарынан тышкары, вагондордун турганы үчүн да акы төлөөнү кыргызстандык мунай ташуучулардан талап кылган.

Кыргызстандык нефтетрейдерлер күйүүчү майды алуучу тарап болгондуктан, чек арадан өткөндөн кийин гана жоопкерчилик алышарын белгилеп, ортодон акы төлөөдөн баш тартышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG